Колл - борбор: 105; 1209;

Таластын 3 айылында 52 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

29 Август 2024 ж.

  Талас ЭТИнин Талас райондук электр тармактары тарабынан 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштеринин алкагында деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан Шумкар-Уя айыл аймагынын Көпүрө-Базар, Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында 52 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Ал эми, техникалык тейлөөдөн 100 км 10 кВ аба чубалгысы пландалса, анын ичинен 48 км техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

  Мындан тышкары Жорупбек Акматов атындагы участогунун бригадасы тарабынан 19 даана трансформаторду капиталдык ремонттон өткөрүү пландалып, анын ичинен учурда 13 даанасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми, 72 даана трансформатор техникалык тейлөө иштери пландалган, анын ичинен 48 даанасы техникалык тейлөөдөн өттү.

  Муну менен катар Жорупбек Акматов атындагы участогунун бригадасынын тейлөөсүндөгү №232 ТП 7,9 км СИП проводун орноштуруу жана 90 даана темир бетон мамычаны алмаштыруу иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт.