2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы өз алдынча изоляцияланган зымдар (СИП) колдонуу менен аба линияларын модернизациялоо иштерин улантат. Бул иш-чаралар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
2025-жылга карата жалпы пландаштырылган СИП проводун орнотуу көлөмү — 61,4 км:
СИП-2 — 20,6 км:
- Манас РЭТи — 19,1 км
- Айтматов РЭТи — 1,1 км
- Талас РЭТи — 0,4 км
СИП-3 — 40,8 км:
- Манас РЭТи — 1,1 км
- Айтматов РЭТи — 7,8 км
- Талас шаардык электр тармагы — 7,6 км
- Талас РЭТи — 20,6 км
- Бакай-Ата РЭТи — 3,7 км
Азыркы учурда 2025-жылга карата жумуштар иштер даярдоо баскычында жана этап-этап менен ишке ашырылат.
2024-жылдын жыйынтыктары боюнча СИП-2:
- Бакай-Ата РЭТи — 7,8 км
- Манас РЭТи — 11,4 км
- Айтматов РЭТи — 15 км
- Талас РЭТи — 12 км
Жалпысынан 2024-жылы — 46,2 км СИП проводун орнотулган.
СИП проводун колдонуу менен тармактарды модернизациялоо авариялардын санын азайтууга, техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө жана региондогу керектөөчүлөрдүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууну камсыздоого мүмкүндүк берет.