Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусуна 2024-жылы жалпы 9 даана жаңы трансформатор орнотулат жана 1222 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт


31 Май 2024 ж.
 
  « КУЭТ» ААКсынын Талас электр тармактар ишканасынын жалпы райондук жана шаардык электр тармактар ишканасынын райондук жана шаардык электр тармактары тарабынан 2024-жылга 9 даана жаңы трансформатор орнотулат.
 
Анын ичинен:
 
1. Айтматов районуна 4 даана кошумча трансформатор орнотулат. Жалпы Айтматов районунда 323 даана трансформатор бар. Алардын ичинен 33 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өтсө , 276 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
 
2. Манас районунда жалпы 169 даана трансформатор бар жана анын 25 даанасы капиталдык оңдоодон өткөн. 2. 127 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле, 2 даана трансформатор 100 кВА ден-160 кВА кубаттуулугу жогорулайт.
 
3. Талас шаарында жалпы 195 даана трансформатор бар, анын 22 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өтсө, 173 даана трансформатор техникалык тейлөө иштеринен өткөрүлөт. Ошондой эле, кошумча жаңы трансформатор 1 даана коюлат жана 1 даана трансформатордун кубаттуулугу 160 кВА ден 250 кВА га алмаштырылат.
 
4. Бакай-Ата районунда 4 даана кошумча трансформатор орнотулат жана 43 даана трансформаторго ремонт иштери аткарылса, 260 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт. Ошондой эле, 1 даана трансформатордун кубаттуулугу 250 кВАден 400 кВА га алмаштырылат.
 
5. Талас районунда жалпы 482 даана трансформатор бар. Анын 62 даана трансформатор капиталдык ондоодон өтсө, 386 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле, 1 даана трансформатор 100 кВА ден - 160 кВА кубаттуулугун алмаштыруу иштери аткарылат.

горсеть 439477389_385875194417530_5206857615541079459_n 445778309_450578750900439_8793761013180428103_n