Талас облусунун Манас районунда 2024-жылы 349 даана жыгач мамычалар темир бетон мамычаларына алмаштырылат


19 Апрель 2024 ж.
”Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филилалы - Талас электр тармактар ишканасынын Манас РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
 2024-жылга карата Манас РЭТиндеги 10 кВ аба чубалгысынын жалпы узундугу 276,14 км түзөт. Анын ичинен 37,575 км аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 238,5 км аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери аткарылат. Ошондой эле, 5,5 км аба чубалгысына реконструкциялоо иштери аткарылып, 119 даана жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштырылат.
 
  Мындан тышкары, 0,4 кВ аба чубалгысы жалпы узундугу 353,98 км түзөт. Анын ичинен 37,17 км капиталдык оңдоодон, 315,8 км аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өтөт. Ал эми, 9,8 км аба чубалгысына реконструкциялоо иши жүргүзүлүп, 230 даана жыгач мамыча темир бетон мамычаларга алмаштырылат.
 
  Манас РЭТинин тейлөөсүндө 10/0,4 кВ 169 даана трансформатор бар. Алардын ичинен 24 даана трансформатор капиталдык оңдоодон, 120 даанасы техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылат.
  Ошондой эле, 2 даана трансформатор 100 кВА ден-160 кВА кубаттуулугу жогорулайт.
 Талас электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Талас электр тармактарынын официалдуу сайтында http://tpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.
 
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 001 209
MegaCom: +996 556 001 209
O! : +996 702 001 209

438078038_425557820069199_2640201916852525936_n 437608831_425557796735868_5778966980446964876_n (1)