Бакай-Ата районунда 2024-жылы кошумча 4 даана трансформатор орнотулат
18 Май 2024 ж.
Талас электр тармактар ишканасынын Бакай-Ата РЭТинде 2024-жылга карата 10 кВ аба чубалгысында 40,03 км ремонт иштерин аткаруу пландалууда. Ал эми, 0,4 кВ аба чубалгысында 71,27 км ремонт жүргүзүлөт.
Ошондой эле, 10 кВ аба чубалгысында 275 км жана 0,4 кВ аба чубалгысында 285 км аба чубалгыдарында техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.
10 кВ аба чубалгысында 4,32 км реконструкциялоо иштери аткарылып, 23 даана карагайлар алмаштырылат.
0,4 аба чубалгысында 150 даана карагай алмаштырылып, 8,5 км реконструкцияланат.
Бакай-Ата районундагы 43 даана трансформатордо ремонт иштери аткарылат жана 260 трансформаторго техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Кошумча 4 трансформатор орнотулат.
1 даана трансформатордун кубаттуулугу 250 кВА дан 400 кВА га алмаштырылат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Beeline: +996 772 001 209
MegaCom: +996 556 001 209
O! : +996 702 001 209