Талас облусунун Айтматов районунда 2024-жылы кошумча 3 көмөк чордон орнотулат


25 Март 2024 ж.
  ”Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филилалы - Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов, Манас,Талас, Бакай-Ата РЭТтеринде жана Талас ШЭТинде күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлүп башталды.
 
  2024-жылга карата Айтматов РЭТинде 10 кВ аба чубалгысы жалпы 630,42 км, анын 47,6 км капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп, 472,910 км техникалык оңдоо иштери аткарылат.
0,4 кВ аба чубалгысы жалпы 443,44 км, анын 69,246 км капиталдык оңдоодон өткөрүп, техникалык тейлөөдөн 441,701 км өткөрүлөт.
Айтматов району боюнча 323 көмөк чордондор (трансформатор) бар. Алардын ичинен 33 көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрүп, 276 көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылат.
 
   Ошондой эле, капиталдык курулуш иштерин өткөрүүгө, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө 10 кВ аба чубалгысында 3,5 км реконструкциялоо иштери аткарылып, анын ичинен 78 даана темир бетон тирөөчүн алмаштырылат. 10 кВ аба чубалгысынын 1,1 км куруу иштери жүргүзүлүп, 9 даана темир бетон тирөөчүн алмаштыруу иштери пландалууда.
0,4 кВ аба чубалгысында 12,36 км темир бетон тирөөчтөрүн 209 даанасы алмаштыруу иштери пландалууда.
 
    Кошумча көмөк чордонду куруу үчүн 3 даана пландалып, ага кошумча 1 даана темир бетон тирөөч коюлат.
  Талас электр тармактар ишканасынын пландалган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөр Талас электр тармактарынын официалдуу сайтында http://tpes.nesk.kg/ru/ жана Facebook , Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.
 
   Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртат.

photo_5465175997184858696_y photo_5465175997184858697_y (1) photo_5465175997184858698_y