«КУЭТ» ААКнын филиалы- Талас ЭТИнин Талас райондук электр тармагынын 13 айылды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздаган Көк-Ой барчасынын кызматкерлери тарабынан эскирген жыгач зым мамычаларын алмаштыруу иштери жүрүүдө. 2024-жылга карата Көк-Ой барчасында 152 даана жыгач мамычаны темир бетон мамычага алмаштыруу пландалган. Бүгүнкү күндө 60 даана жыгач мамыча алмаштырылып аяктады. Ал эми, 92 даана жыгач мамычаны алмаштыруу иштери ушул жылдын октябрь айына чейин алмаштыруу иштери аяктайт.
Ошондой эле, 2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Көк-Ой барчасы тарабынан 23 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 175 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштеринен өткөрүү пландалып, 15 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери аткарылды, 102 даана транформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Ал эми, октябрь айына чейин 8 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өтүү иштери жана 73 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылат.
Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгысында 11,6 км аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтсө, 271 км аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалып, 166 км аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү жана 104 км аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлөт.
Ал эми, 0,4 кВ аба чубалгысында 168 км аба чубалгысы техникалык тейөө иштеринен өткөрүү пландалса, 104 км аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылып, 64 км техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.