Талас электр тармактар ишканасынын кызматтары жана РЭСтер арасында футболдук турнир
7 Февраль 2025 ж.
5-февралда Таласта Талас электр тармактар ишканасынын кызматтары жана РЭСтер арасында футболдук турнир өттү. Тирнирге Айтматов РЭТи, Талас РЭТи, Бакай-Ата РЭТи, Талас ШЭТи, Манас РЭТи, Көмөк чордон кызматы, СМиАТ жана АУП командалары катышты.
Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата РЭТи, 2-орунду Көмөк чордон кызматы, 3-орунду АУП командасы ээледи.
Бул спорттук иш-чара кызматкерлерге өз күчтөрүн жана спорттук рухун көрсөтүүгө гана эмес, ошондой эле ар түрдүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери арасында командалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана ички атмосфераны жакшыртууга да өбөлгө түзөт.