Колл - борбор: 105;

Таласта энергетиктер аймакта кеңири тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү

28 Март 2026 ж.

  “Таза Мурас” кампаниясын колдоо максатында «КУЭТ» ААКнын фитиалы- Талас электр тармактар ишканасынын  кызматкерлери аймакта кеңири тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

 Энергетиктер өздөрүнө бөлүнгөн тилкелерде иш алып барып, айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтып, эски чөп-чарды жыйнап, жашыл аймактарды калыбына келтирүүгө салым кошушту. Ошондой эле бак-дарактар иретке келтирилип, жаңы көчөттөр тигилди.

Бул иш-чара жамааттын биримдигин бекемдеп, ар бир кызматкердин айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигин дагы да жогорулатууга өбөлгө түздү.

 Тазалыкты сактоо — бул бир күндүк эмес, күнүмдүк маданият!