Талас электр тармактар ишканасы аймакты тазалоо иштерин жүргүздү
25 Апрель 2026 ж.
2026-жылдын 25-апрелинде Талас электр тармактар ишканасы тарабынан кезектеги ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чарага ишкананын кызматкерлери жигердүү катышып, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин алкагында ишкананын административдик имаратынын айланасы, өндүрүштүк участоктор жана ага чектеш аймактар тазаланып, таштандылар жыйналды. Мындан тышкары, жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, бак-дарактарды иретке келтирүү жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу чаралары көрүлдү.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин экологиялык маданиятын жогорулатууга, жамааттык духту бекемдөөгө жана аймактын тазалыгын сактоого өбөлгө түзөт. Ишкана мындан ары да коомдук жана экологиялык демилгелерди колдоону улантат.