Талас электр тармактар ишканасы Уулу Жениш куну менен куттуктайт
9 Май 2025 ж.
Урматтуу ардагерлер, тыл эмгекчилери жана мекендештер!
Сиздерди чын жүрөктөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктайбыз!
9-май — бул улуттук сыймыктын, кайратмандыктын жана тарыхый эстутумдун күнү. Бул улуу майрам — эркиндик үчүн курман болгон аталарыбыздын эрдигин, элдин биримдигин эскерткен ыйык дата.
Фронтто кандуу салгылаштарга катышкан, тылда тынымсыз эмгектенген ар бир адамдын эрдигине терең таазим этебиз.
Тынчтык жана эркиндик үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз!
Ар бир үйдө бакубатчылык болсун, ар жүрөктө ыраазычылык жашасын! Кыргызстандын асманы дайыма ачык жана тынч болсун!
Терең урматтоо менен,
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын жамааты