Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасы Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

23 Сентябрь 2024 ж.

 

Урматтуу, мекендештер!
 
 Сиздерди «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын жалпы жамаатынын атынан 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
 
  Эне тилин жоготкон эл улутун, мамлекетин жоготот. Андыктан эне тилибизди өнүктүрүү ар бир кыргызстандык атуулдун ыйык милдети. Тилибиз ар дайым элибиздин руханий мурасынын бекем жана көөнөрбөс булагы болуп кала берсин.
 
  Тилибиз кылымдарга жашасын! Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун!