Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасы «Мыкты мекеме - 2024» наамын алды

22 Январь 2025 ж.

Бүгүн, 22-январь күнү Талас облусунун 12 айдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык кеңешмеси өткөрүлдү. Кеңешменин жүрүшүндө облус башчысы Эрмат Джумаев «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек Султановго 2024-жылдын жыйынтыгы менен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн «Мыкты мекеме - 2024» наамын ыйгарды. Бул наам Талас электр тармактар ишканасынын эффективдүү иш алып баруусу жана региондогу инфраструктураны жакшыртууга кошкон чоң салымын баалоо максатында тапшырылды.