Талас электр тармактар ишканасы жаңы кызматтык унаалар менен камсыздалды
30 Апрель 2025 ж.
Талас электр тармактар ишканасына жаңы 5 даана унаа тапшырылды. Бул техника «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан сатып алынган 54 даана атайын техниканын алкагында бөлүнүп берилди.
Таласка жеткирилген унаалардын курамында:
- 4 даана CHEVROLET COBALT кызматтык унаасы,
- 1 даана JAC T-8 пикап базасындагы бригадалык унаа бар.
Бул унаалар электр тармагында техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин ыкчам аткарууга, авариялык абалдарга тез жооп кайтарууга жана кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга багытталган.
Аталган техника Талас облусундагы электр энергиясынын туруктуулугун камсыз кылууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.