Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасы 110/6 кВ «Баласары» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө

16 Апрель 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы 110/6 кВ чыңалуудагы «Баласары» көмөк чордонунда пландуу учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Иштер бекитилген оңдоо иштеринин жүрүшү пландалганга ылайык аткарылып, Талас облусунун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө Талас ЭТИнин көмөк чордон кызматы көмөк чордондун негизги жабдууларын техникалык тейлөөдөн өткөрүп, жаңылоо иштерин жүргүзүүдө. Анын ичинде күч трансформатору, ошондой эле 110 кВ «Семетей – Кара-Арча» электр берүү линиясынын оңдоо иштери камтылган.
Пландуу оңдоо иш-чаралары мүмкүн болгон техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктап, жоюуга шарт түзүп, авариялык кырдаалдардын тобокелдигин азайтат жана энергосистеманын туруктуу иштешин камсыз кылат.