Колл - борбор: 105; 1209;

Талас ЭТИнин бөлүштүрүүчү тармактардын ичинен «Эң мыктысы» деп Талас РЭТнин бригадасы аталды

28 Июнь 2024 ж.

 
   Бүгүн, 28-июнда “КУЭТ” ААКнун филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын шаардык жана райондук электр тармактары арасында бөлүштүрүүчү тармагында 10/0,4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча эксплуатациялоочу-ремонттук персоналдын бригадаларынын кесиптик чеберчиликтеринин мелдеши Бакай-Ата райондук электр тармагынын
Ак-Дөбө барчасынын машыгуу полигонунда болуп өттү.
 
  Эксплуатациялоочу-ремонттук персоналды бөлүштүрүүчү тармактардын иштеп жаткан электр жабдууларында иштөөнүн коопсуз ыкмасына практикалык жактан үйрөтүү, үзгүлтүксүз эксплуатациялоонун алдыңкы ыкмаларын өздөштүрүү, кесиптик даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, рационалдуу жана оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында бөлүштүрүүчү тармактарда иштөөнү жеңилдеткен жана иштин коопсуздугун жогорулатуучу инновацияларды көрсөтүү жана электр тармактарынын аймактарында эксплуатациялоочу жана оңдоочу персоналды даярдоо деңгээлин аныктоодо.
 
  Сынак 5 этапта өттү.
- №1 этап: Билимди текшерүү
- №2 этап: Жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу
- №3 этап: РЛНД-10 кВ гидролук көтөргүчтү колдонуу менен тейлөө
- №4 этап: 10/0,4 кВ көмөк чордонунда 10 кВ бузулган өткөргүч изоляторду алмаштыруу . КТП-10/0,4 кВ жерге туташтыруу каршылыгын өлчөө
- №5 этап: ГКТП-10/0,4 кВ өрт өчүрүү
 
  Жыйынтыгында бардык этаптардан мыкты деңгээлде өтүп, берилген тапшырмаларды так аткарып, эң көп упай топтогон Талас РЭТнин бригадасы жеңүүчү деп табылды.