Колл - борбор: 105; 1209;

Талас шаардык электр тармактары кышкы сезонго даярдыгын билдирет


29 Ноябрь 2023 ж.

Талас электр тармактар ишканасы калкка штаттык режимде электр энергиясын берүүдө.

 Ал эми, 2023-жылдын күз-кыш мезгилине карата кылынган иштерге токтоло кетсек :

 Талас шаардык электр тармагынын кызматкерлери күз-кыш айларына даярдыктын алкагында 2023-жылдын башынан бери ВЛ-10 кВ 60,89 км чакырым, ВЛ-0,4 кВ 141,9 км чакырым аба чубалгыларын тартып, 174 даана көмөк чордондорду оңдоп-түзөөдөн 1-ноябрь айына чейин өткөрүлүп бүткөн.

 Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн узундугу ВЛ-10 кВ 4,9 км чакырым аба чубалгыларын техникалык тейлөөдөн өткөрүп, трасса жээгин бойлото бутактарды кыюу жана бак-дарактарды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.  

Жогоруда аталган иштер кардарларга сапаттуу электр жарыгын берип, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган.

 Талас шаардык электр тармагында 9738 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Тейлөө аймагында 195 даана көмөк чордондор бар.


photo_5436300382298036327_y