Талас шаарында акылдуу эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө


31 Январь 2024 ж.

 

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы- Талас  электр тармактар ишканасы тарабынан Талас шаарында акылдуу электр эсептегич орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. 

 Талас шаардык электр тармактары керектөөчүлөрдү  үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Талас шаары үчүн 6000 даана акылдуу эсептегичти орнотуу иштерин аткарууда. Бүгүнкү күндө алардын 2000  даанага жакыны орнотулуп бүттү.

  Жалпы Талас шаары боюнча акылдуу эсептегичтерди алмаштыруучу 1 фазалуу абоненттер 6161 абонент бар жана аларды толугу менен акылдуу эсептегичтерге ал аштыруу иштери да аткарылат.

 Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.


photo_5318933193979712798_y photo_5318933193979712799_y