Талас облусунда «Чат-Базар» көмөк чордонунда биргелешкен өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүлдү
23 Май 2025 ж.
2025-жылдын 23-майында Талас электр тармактар ишканасынын (ТЭТИ) 110/35/10 кВ «Чат-Базар» көмөк чордонунда Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү (ӨКБ) менен биргелешкен өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты — оперативдик-диспетчердик кызмат (ОДК), көмөк чордон кызматы (ПК), релейдик коргоо жана автоматика кызматы (РКА), ошондой эле өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин өз ара аракеттенүүсүн жана өрттү өчүрүү ыкмаларын практикалык түрдө өздөштүрүү.
Машыгуунун жүрүшүндө:
- Трансформатор Т-1 газ жана дифференциалдык коргоодон өчүрүлдү;
- Клапан аркылуу майдын агып чыгышы жана андан кийинки трансформатордун күйүшү;
- Операторлор жабдууларды өчүрүп, персоналды эвакуациялап, өрт өчүрүү кызматына кабар беришти;
- Өрт өчүрүүчүлөр шарттуу өрттү өчүрүү үчүн жеткиликтүү каражаттарды колдонушту.
Машыгуунун жетекчилери: Талас электр тармактар ишканасынын башкы инженери Дурусбек Рахманов жана Талас райондук ӨКБнын башчысынын орун басары, майор Туратбек Зулумбекович Мамбетов.
Бул сыяктуу машыгуулар персоналдын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга жана региондун энергетикалык инфраструктурасынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.