«КУЭТ» ААКнын филиалы- Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишембиликке чыгышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын аймагында жана ага чектеш аймактарда тазалоо иштери жүргүзүлүп, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана тартипке келтирүү боюнча иштер аткарылды. Кызматкерлер ишкананын аймагын, көмөк чордондорду жана атайын бөлүнгөн аймактарды тазалап, айлана-тегерегин иретке келтиришти.
Мындай ишембиликтер 2026-жылдын 16-майына чейин ар бир ишемби күнү өткөрүлүп турат.