Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

19 Апрель 2025 ж.

   Бүгүн, 2025-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 указына ылайык, жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери активдүү катышып, өздөрүнүн аймактарында тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
 
   Ишембилик учурунда кызматкерлер мекеменин айланасын, коомдук жайларды жана көчөлөрдү таштандылардан тазалап, жашылдандыруу иштерин аткарышты. Бул аракеттер айлана-чөйрөнү таза сактоого жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
 
   Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери бул иш-чара аркылуу экологиялык маданиятты жогорулатууга жана улуттук экологиялык саясатты ишке ашырууга өз салымдарын кошушту