Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аймакты көрктөндүрүү боюнча ишембилик өткөрүштү

23 Май 2026 ж.

Бүгүн, 23-майда, Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери мекеменин жана ага чектеш аймактардын санитардык тазалыгын камсыздоо жана көрктөндүрүү максатында ишембилик өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эмгек жамааты аймакты тазалоо, кургак чөптөрдү чабуу, айлананы ирээтке келтирүү, ошондой эле өндүрүштүк жана административдик объектилерди тартипке келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин негизги максаты — тазалыкты сактоо, экологиялык абалды жакшыртуу жана кызматкерлер үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү болду.
Мындай иш-чаралар жамааттык ынтымакты бекемдөөгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого жана мекеменин аймагында тазалыкты сактоого өбөлгө түзөт.