Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине кызамык оорусу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

8 Июль 2025 ж.

2025-жылдын 8-июлда «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында кызматкерлердин ден соолугун коргоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында атайын түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чарага Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо адиси Карабаева Гулбара Орозбековна катышып, кызамык (корь) оорусу тууралуу кенен маалымат беришти. Жыйында бул оорунун кандай жолдор менен жугаары, анын белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, дарыгерден медициналык жактан так жана жеткиликтүү жоопторду ала алышты.
Бул иш-чара кызматкерлердин саламаттыгына кам көрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болду.