Колл - борбор: 105;

Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы тарабынан 35/10 кВ “Беш-Таш” көмөк чордонуна пландуу учурдагы оңдоо иштери аяктады.

15 Май 2026 ж.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
— Т-1 трансформаторуна учурдагы оңдоо жүргүзүлдү;
— 35 кВ В-35 Т-1 өчүргүчү оңдолду;
— 35 кВ “Талас” аба чубалгысынын линиялык ажыраткычы оңдолду;
— 35 кВ 1-секция шиналарына оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Аткарылган иш-чаралар көмөк чордондун жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга жана энергообъекттин коопсуз иштөөсүн камсыздоого багытталган.
Талас электр тармактар ишканасы электр тармактарынын жабдууларын туруктуу пайдаланууга даярдоо максатында пландуу оңдоо иштерин улантууда.