Колл - борбор: 105; 1209;

Талас облусундагы «Түлөбердиева» көмөк чордонунун реконструкциясы: санариптик технологияларга өтүү

29 Май 2025 ж.

   Талас облусундагы 500/220/10 кВ «Түлөбердиева» көмөк чордонунда ири реконструкция иштери жүрүүдө. Максат — энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу.

   Реконструкция учурунда эски электромеханикалык релелик коргоо жана автоматика (РКА) панелдери заманбап микропроцессордук терминалдарга алмаштырылууда. Бул жабдуулар жогорку тактыкты, ылдамдыкты жана алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

   Айрыкча, «Түлөбердиев» көмөк чордонун Токтогул ГЭСи жана «Фрунзенская»көмөк чордону менен байланыштырган 500 кВ аба чубалгыларынын коргоо системалары жаңыртылууда. Ступенчатая жана дифференциалдык коргоо, ошондой эле аварияга каршы автоматика системалары алмаштырылып жатат.

  Жалпысынан 10 жаңы санариптик РКА панелдери орнотулат. Бул микропроцессордук терминалдар компьютердик системалар менен интеграцияланып, жабдууларды көзөмөлдөөнү жана башкарууну жеңилдетет.

   «Түлөбердиев» көмөк чордонунун модернизациясы Талас облусунун электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.