Колл - борбор: 105; 1209;

«Ак-Дөбө» көмөк чордонунда оңдоо иштери жүрүүдө

15 Октябрь 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 15-октябрында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Көмөк чордон кызматы тарабынан 35 кВ «Ак-Дөбө» көмөк чордонунун чыгуучу фидеринде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер электр тармагын күз-кыш мезгилине даярдоо планынын алкагында жүргүзүлүп, электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүнү камсыздоого багытталган.
Кызматкерлер бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен иш алып барууда. Мындай иш-чаралар электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык кырдаалдардын алдын алууга өбөлгө түзөт.