2026-жылдын 25-сентябрында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасында кызматкерлер үчүн коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 27-июлундагы №13-84 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана ага караштуу түзүмдөрдө коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси» боюнча маалымат берилди.
Жолугушууда коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, антикоррупциялык талаптарды сактоо, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандар менен иштөө учурунда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле кызматкерлерге коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.