Нооруз майрамы менен куттуктоо


21 Март 2024 ж.

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди «Нооруз» майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жадыраган жаз күнүндө Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин!
Нооруз бизге бейпил, берекелүү заман тартуулап, жаңы дем берсин, жаз күнүндөй жаркын маанай, ынтымак, ырыскы, бакты-таалай дайыма сиздер менен бирге болсун!

Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар шат болсун.Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын.Нооруз майрамы ар бир үйгө – кут-береке, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Терең урматтоо менен Талас электр тармактар ишканасынын директору А.Ж. Султанов ".