Мамлекеттик тил күнү менен куттуктоо
23 Сентябрь 2025 ж.
Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!
23-сентябрь — бул кыргыз элинин руханий байлыгы, улуттук өзгөчөлүгү жана биримдигин даңазалаган өзгөчө күн.
«КУЭТ» ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын жамааты бардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Мамлекеттик тил — бул биздин сыймыгыбыз, мекенге болгон урмат-сыйыбыздын белгиси. Ар бирибиз аны сактап, өнүктүрүп, урматтоого тийишпиз.
Улуттук тил — улуттук сыймык!
Майрамыңыздар кут болсун!