Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетика күнүнө карата куттуктоо

22 Декабрь 2024 ж.

Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргызстан энергетикасынын 90 жылдыгы жана кесиптик майрамдарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин эмгегиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер аркылуу энергетика тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келесиздер.

Энергетика тармагындагы иштериңиздердин негизинде биздин коомдун жаркын келечеги калыптанууда. Сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздер өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун камсыздоо менен гана чектелбестен, жалпы коомдун жакшы келечегин камсыз кылууда да маанилүү роль ойнойт.

90 жылдык маараке жана кесиптик майрам алдында сиздерге чың ден соолук, жаңы бийиктиктерди багындыруу, ишиңиздерде дагы көптөгөн ийгиликтерди жана үй-бүлөлөрүңүздөргө бакыт каалайм! Сиздердин алдыда жаңы максаттарга жетип, энергетика тармагынын келечегине дагы чоң салым кошооруңуздарга ишенем.

«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын директору
Акылбек Султанов