Колл - борбор: 105; 1209;

Талас электр тармактар ишканасынын директору А.Султановдун жаңы жыл менен куттуктоосу

31 Декабрь 2024 ж.

Урматтуу мекендештер!
 
Сиздерди 2025-жылдын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы жыл бардык эмгекчил, ишеничтүү жана максатка умтулган адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жетишкендиктерди алып келсин.
 
Өткөн жылда Талас электр тармактар ишканасы көптөгөн жакшы иштерди аткарып, биз үчүн маанилүү алга жылуу кадамдарын жасадык.
 
Энергетика тармагындагы жогорку жоопкерчиликти түшүнүү менен биргелешип жакшы жыйынтыктарга жетишебиз.
 
Жаңы жылда жакшылык, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайм!
2025-жыл сиздер үчүн бакыт, ийгилик жана ар бир күнү жаңы жарык чачкан жыл болсун!
Жаңы жылыңыздар менен!
 
«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын директору Султанов Акылбек Жумакадырович