Колл - борбор: 105;

Таластагы «Кең-Кол» көмөк чордонуна энергетик Закир Мыкыевдин ысымы ыйгарылды

21 Июль 2026 ж.

Талас облусунда энергетика тармагын өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган белгилүү адис, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген энергетиги Закир Расабекович Мыкыевдин ысымы 110/10 кВ «Кең-Кол» көмөк чордонуна ыйгарылды.
 
Бул чечим Закир Мыкыевдин Талас облусунун электр менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга кошкон зор салымын эске алуу менен кабыл алынды.
Закир Расабекович энергетика тармагында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип, инженерден баштап жетекчилик кызматтарга чейин эмгек жолун басып өткөн. Анын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен Талас облусундагы бир катар көмөк чордондор реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулатылып, заманбап техникалык чечимдер ишке ашырылган. Бул иштер аймактын электр энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз болушуна чоң өбөлгө түзгөн.
 
Эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, көптөгөн сыйлыктарга татыган. 2009-жылы ага «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эмгек сиңирген энергетиги» ардактуу наамы ыйгарылган.
 
«Кең-Кол» көмөк чордонуна анын ысымынын берилиши – Закир Расабековичтин көп жылдык үзүрлүү эмгегине, жогорку кесипкөйлүгүнө жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымына көрсөтүлгөн терең урмат-сыйдын белгиси.
 
Иш-чарага энергетика тармагынын ардагерлери, кесиптештери, жакындары жана Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери катышып, Закир Мыкыевдин эмгек жолу жана адамдык бийик сапаттары тууралуу жылуу эскерүүлөрүн бөлүшүштү.
 
Закир Расабековичтин жаркын элеси, кесипкөйлүгү жана мекенге болгон ак ниет кызматы энергетиктердин кийинки муундары үчүн өрнөк бойдон кала берет.