Колл - борбор: 105; 1209;

«КУЭТ» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Шамил Матаев Талас электр тармактар ишканасына иш сапары менен келди

12 Апрель 2025 ж.

2024-жылдын 12-апрелинде «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Шамил Нурбекович Матаев иш сапары менен Талас электр тармактар ишканасына келди.
 
  Иш сапардын алкагында ал 2024-жылы ишканага караштуу көмөк чордондордо жүргүзүлгөн реконструкциялоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты. Жолугушуу учурунда аткарылган долбоорлорго байланыштуу бир катар техникалык суроолор боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
 
  Мындан тышкары, Талас электр тармактар ишканасынын базасында кызматтардын жетекчилери, ошондой эле Талас шаардык жана райондук электр тармактарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Шамил Матаев ошондой эле райондук электр тармактарынын имараттарын жана көмөк чордондорду кыдырып чыкты.
 
   Талкуу маалында лаборатория үчүн кызматтык унаа берүү, ошондой эле ТВК текшерүүчү прибор менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле чечүүнү талап кылган учурдагы айрым көйгөйлөр айтылды.
 
  Мындан сырткары, 2025–2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерине даярдыктар боюнча кызматтардын жана райондук бөлүмдөрдүн абалы текшерилди. Иш сапардын жыйынтыгында Шамил Матаев көмөк чордондордун имараттарында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин сапатын белгилеп, айрым жетекчилерге чара көрүлөрүн белгиледи.