Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетиктердин кесиптик майрамына куттуктоо:


22 Декабрь 2023 ж.

Талас электр тармактар ишканасынын директору Султанов Акылбек Жумакадыровичтин 22-декабрь Энергетиктердин кесиптик майрамына куттуктоосу:

“Урматтуу кесиптештер , энергетика тармагынын кызматкерлери!

22-декабрь Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен куттуктайм!

Ар бир үйгө жарык, жылуулук жана жагымдуу маанай болушуна багытталган ишиңиздерди жогору баалайбыз.

Кесиптештерибизге жана ардагерлерибизге терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Өз кесибине берилгендиги энергетиктердин жаш мууну үчүн үлгү болуп эсептелет.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм жана ошондой эле келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!”