НЕКРОЛОГ
30 Декабрь 2024 ж.
Талас электр тармактар ишканасынын оңдоо-курулуш участогунун жетекчиси Арыстанбаев Азат Бообекович 2024-жылдын 28-декабрында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Азат Бообекович Арыстанбаев 1982-жылы 27-февралда Талас шаарында туулган. Ал кыска өмүрүндө өзүнүн жогорку кесипкөйлүгү, талыкпас эмгеги жана адамдарга болгон чынчыл мамилеси менен эсте калды.
Азат Бообекович 1999-жылы Кыргыз Техникалык университетине окууга тапшырып, 2003-жылы Электроэнергетика багыты боюнча бакалавр, 2004-жылы электр менен жабдуу адистиги боюнча инженердик квалификациясын алып, иш ордунда өз кесибине берилгендик менен кызмат кылды.
Ал 2009-жылы «Түндүк электр» ААКнын Лебединовка участогунда электр эпкери болуп ишке киришип, 2013-жылы Аба чубалгы кызматынын устаты, 2021-жылы Кара-Буура райондук электр тармагында башкы инженер болуп дайындалып, 2023-жылдын январь айынан тартып, Талас электр тармактар ишканасынын оңдоо-курулуш участогунун жетекчиси катары жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келген.
Азат Бообекович өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин ишинде өзгөчө адистик жана берилгендик менен иштеди. Ал өмүрүнөн көптөргө үлгү болуп, айлана-чөйрөсүнө, кесиптештерине жана үй-бүлөсүнө сүйүктүү, жогорку деңгээлде адистешкен инсан болуп калды.
Ал үй-бүлөсүндө 1 кыз жана 1 уулдун атасы.
Талас электр тармактар ишканасынын жалпы жамааты жаркын элесин эскерүү менен терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.