Колл - борбор: 105;

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНҮН АЛДЫНДА ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТТА

9 Сентябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.
 
Майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан кечки убакта да энергетиктер өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарып, электр тармактарынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүүдө.
 
Энергетиктердин жогорку жоопкерчилиги жана кесипкөйлүгү — элдин коопсуздугу жана майрамдык иш-чаралардын үзгүлтүксүз өтүшүнүн маанилүү кепилдиги.