«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган пландуу оңдоо иштерин улантууда.
Келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана энергообъектилерди сапаттуу даярдоо иш-чараларынын алкагында 35 кВ «Победа — Ак-Дөбө» аба чубалгысында пландуу учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө бузулган жана эскилиги жеткен фарфор изоляторлору, жаңы изоляторлорго алмаштырылды.
Мындан тышкары, аба чубалгысына тийип калган дарактардан бутактарынан жана бадал өсүмдүктөрүнөн тазаланып, бутактарды кыюу иштери жүргүзүлдү. Бул авариялык өчүүлөрдүн тобокелдигин азайтууга жана аба чубалгыны коопсуз пайдаланууга шарт түзөт.
Жүргүзүлгөн иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган.