110/10 кВ «Покровка» көмөк чордонунда пландуу кезектеги оңдоо иштери аткарылды
5 Июнь 2026 ж.
Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматынын энергетиктери тарабынан «Покровка» 110/10 кВ көмөк чордонунда пландуу кезектеги оңдоо иштери аткарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Т-1 жана Т-2 күч трансформаторлоруна, В-110 Т-1, В-110 Т-2, В-10 Т-1, В-10 Т-2 өчүргүчтөрүнө, ошондой эле 1СШ-10 жана 2СШ-10 шиналар секцияларынын жабдууларына, ТН-1СШ-10 жана ТН-2СШ-10 чыңалуу трансформаторлоруна кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Аткарылган иштер энергетикалык жабдуулардын ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылууга, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана мүмкүн болуучу технологиялык бузулууларды алдын алууга багытталган.
Талас электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында энергетикалык объектилерди техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин пландуу түрдө улантууда.