«Кырк-Казык» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
30 Октябрь 2026 ж.
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан электр жабдууларынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында 35/10 кВ чыңалуудагы «Кырк-Казык» көмөк чордонунда пландуу учурдагы оңдоо иштери аткарылууда.
Иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкү жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө каралган:
* Т-1 күч трансформатору;
* ОД-КЗ-35 Т-1;
* 1СШ-35;
* В-10 Т-1;
* СВ-10;
* 1СШ-10.
Белгилей кетсек, «Кырк-Казык» көмөк чордон 1973-жылы пайдаланууга берилген. Узак жылдардан бери иштеп келе жаткан электр жабдууларын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана өз убагында тейлөө электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.
Талас электр тармактар ишканасы тарабынан мындай иштер электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.