Колл - борбор: 105;

«Кировка» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүрүүдө

17 Июнь 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматы «Кировка» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда жабдууларды пландык оңдоодон өткөрүшүүдө.
Аткарылган иштердин алкагында Т-1 жана Т-2 күч трансформаторлоруна, В-110 Т-1, В-110 Т-2, В-10 Т-1 жана В-10 Т-2 өчүргүчтөрүнө күнүмдүк оңдоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 1СШ-10 жана 2СШ-10 шиналар секцияларынын жабдуулары, ошондой эле ТН-1СШ-10 жана ТН-2СШ-10 чыңалуу трансформаторлору техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Бул иш-чаралар энергожабдуулардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыздоого, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана мүмкүн болуучу технологиялык бузулуулардын алдын алууга багытталган.
Талас электр тармактар ишканасы аймактагы керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык объектилерди техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин пландуу түрдө улантууда.