35/10 кВ «Грозный» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
28 Август 2026 ж.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун филиалы — Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 35/10 кВ «Грозный» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Оңдоо иштеринин негизги максаты — электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртуу, алардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзүү.
Пландуу иштердин алкагында Т-1 трансформатору, анын ичинде В-35 Т-1, В-10 Т-1, 1-СШ-10 жабдуулары жана төмөнкү 10 кВ фидерлеринде тиешелүү техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлөт:
В-10 №1 «Крупское»;
В-10 №6 «Көк-Сай»;
В-10 №8 «МТФ»;
В-10 №10 «Россия».
Ошондой эле Т-2 трансформатору боюнча пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп, В-35 Т-2, В-10 Т-2, СВ-10, 2-СШ-10 жабдуулары текшерилип, техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
Мындан тышкары, төмөнкү 10 кВ фидерлеринде иштер аткарылат:
В-10 №13 «Шекер»;
В-10 №15 «Насосная»;
В-10 №18 «Маймак»;
В-10 №20 «Лущихина»;
В-10 №21 «Кировка».
Пландуу оңдоо иштерин жүргүзүү электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык учурлардын алдын алууга жана электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Талас электр тармактар ишканасы электр тармактарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди белгиленген графикке ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.