Колл - борбор: 105;

110/35/10 кВ «Талас» көмөк чордонунда пландуу учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

20 Май 2026 ж.

Электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында 110/35/10 кВ «Талас» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери аткарылууда.
Оңдоо иштеринин алкагында 1БСК-10, 1СШ-10, ТН-1СШ-10, СВ-10, В-1БСК-10 жабдууларына техникалык тейлөө жана текшерүү жүргүзүлөт.
Иштер Талас электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы тарабынан аткарылып, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.