110/35/10 кВ «Талас» көмөк чордонунда пландалган иштердин алкагында 10 кВ жабдууларга оңдоо иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда, ТСН-1 ОПУ жана В-10 ТСН-1 ОПУ өчүргүчүнө техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү. Иштер бекитилген графикке ылайык көмөк чордон кызматы тарабынан аткарылды.
Пландуу оңдоо иштери электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган. Бардык иштер белгиленген мөөнөттө аяктап, жабдуулар кадимки иштөө режимине киргизилди.