110/10 кВ «Манас» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
24 Сентябрь 2026 ж.
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Талас электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматынын кызматкерлери тарабынан 110/10 кВ «Манас» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Оңдоо иштеринин негизги максаты — көмөк чордондогу электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртуу, алардын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу.
Пландуу оңдоо иштеринин алкагында Т-1 трансформаторунда, ОПН-110 Т-1, ТСН-1, В-110 Т-1, 1-СШ-110, ШР-110 Т-1, СР-1-110, ЛР-110 Резерв жабдууларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Т-2 трансформаторунда, ОПН-110 Т-2, ТСН-2, В-110 Т-2 жана В-10 Т-2 жабдууларында тиешелүү пландуу оңдоо иштери аткарылууда.
Көмөк чордондор кызматынын адистери оңдоо иштерин белгиленген техникалык талаптарга жана коопсуздук эрежелерине так ылайык жүргүзүп жатышат.
Пландуу оңдоо иштери электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга багытталган.