Колл - борбор: 105;

110/10 кВ «Кара-Арча» көмөк чордонунда энергетиктер менен Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери биргелешкен өрткө каршы машыгуусу өткөрүлдү

9 Июнь 2026 ж.

2026-жылдын 9-июнь күнү «КУЭТ» ААКнын филиалы - Талас электр тармактар ишканасына караштуу 110/10 кВ «Кара-Арча» көмөк чордонунда энергетиктер жана Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан биргелешкен өрткө каршы машыгуу өткөрүлдү.
Иш-чара ыкчам кызматкерлердин күч трансформаторунун авариялык өчүрүлүшү жана өрт кырсыгы жаралган учурда аракеттенүүгө даярдыгын текшерүү, ошондой эле Талас электр тармактар ишканасынын диспетчердик кызматынын, көмөк чордондун кызматкерлеринин жана өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү максатында уюштурулду.
Машыгуунун программасына ылайык, көмөк чордондогу Т-1 күч трансформаторунда шарттуу түрдө ички бузулуу орун алып, анын натыйжасында газдык жана дифференциалдык коргоо түзүлүштөрү иштеген. Жабдуу өчүрүлгөндөн кийин трансформатор майынын коопсуздук клапаны аркылуу сыртка чыгышы жана анын натыйжасында трансформатордун күйүп кетиши шарттуу түрдө имитацияланды.
Көмөк чордондун ыкчам кызматкерлери шарттуу өрттү өз убагында аныктап, диспетчердик кызматка маалымат берип, өрт өчүрүү бөлүмүн чакырышты. Ошондой эле жабдууну оңдоого чыгаруу, жумуш ордун даярдоо, өрт өчүрүүчү бөлүктү коопсуз киргизүү жана алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу боюнча бардык зарыл иш-чаралар аткарылды.
Окуя болгон жерге келген Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери көмөк чордондун персоналы менен биргеликте энергетикалык объекттеги шарттуу өрттү өчүрүү учурундагы өз ара аракеттенүү тартибин практикалык түрдө иштеп чыгышты. Машыгуунун жүрүшүндө байланыш жана кабарлоо системаларынын иштөөсү, ыкчам маалыматтарды берүү тартиби, ошондой эле эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышы текшерилди.
Машыгуунун жыйынтыгында шарттуу өрт белгиленген убакыттын ичинде ийгиликтүү жоюлду. Жетекчилер жана көзөмөлдөөчү адамдар катышуучулардын ырааттуу аракеттерин, кызматтар аралык өз ара байланыштын жогорку деңгээлин жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын белгилешти.
Талас электр тармактар ишканасы электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарда аракеттенүү көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында мындай машыгууларды туруктуу негизде өткөрүп келет.