Энергетика министри Талас ЭТИнин кызматкерлери менен жолугушту


2 Май 2024 ж.
 
 Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас электр тармактар ишканасынын кампадагы күз-кыш мезгилине карата көмөк чордон, трансформатор жана башка техникаларды оңдоп-түзөө үчүн керектүү материалдарды жана алардын сапаттарын текшерди.
 
   Андан тышкары, Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Акыркы мезгилде акылдуу эсептегичтерди коюу жана "Мой свет" тиркемеси менен кардарлар электр энергиясына төлөм кылгандыктан, төлөмдөрдү кабыл алган инспекторлорду башка кызматтарга сунуштап которуу тапшырмасы берилди.
 
     Ошондой эле, Талас электр тармактар ишканасынын базасындагы спорт залдын абалы менен таанышып, энергетиктердин жумуштан кийин спорт менен машыгуусу үчүн спорт залдын ичин жаңыртуу жана кийинүүчү жайы, жуунучу жайды оңдоодон өткөрүүнү тапшырды. Бул иштер жаңы жаш энергетиктерди ишке болгон кызыгуусун арттыруу жана ишке тартуу үчүн чоң өбөлгө болоорун белгиледи.
 
  Мындан тышкары, Талас облусунун Манас районунда жайгашкан «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылыш аземине карата даярдык иштеринин акыркы этаптары менен жана 110/10 кВ «Покровка», «Кара-Арча» көмөк чордондорунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып өттү.

440748995_433093195982328_2442438370510903668_n 440952971_433093209315660_7751949881677092343_n 440951738_433091009315880_2308564103306880190_n 440973296_433093225982325_8907861068395481747_n 440951743_433093242648990_5445630744374268917_n 440964615_433090962649218_6392956132505473425_n