Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас ЭТИнин күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты

31 Август 2023 ж.

 Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Улуттук электр тармактар ишканасынын филалы Талас электр тармактар ишканасынын Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас,Талас РЭТнин жана Талас ШЭТинин күз-кыш мезгилне карата даярдыгы менен таанышып, керектелүүчү материалдардын жана техниканын жеткиликтүүлүгүн, кадр маселеси боюнча көйгөйлөр менен таанышты.

 Талас электр тармактар ишканасынын карамагындагы бардык РЭТке жана ШЭТге өзүнчө токтолуп, тийиштүү жетекчи, кызматкерлерге тапшырмаларды берди. Алардын катарында төмөнкү маселелер каралды: 

Алгач эле, Бакай-Ата РЭТинин кызматкерлери менен жолугушууда кызматкерлердин жетишсиздигин, алар: катчы, ширетүүчү, кампа башчысы жумуш орундарын ачуу боюнча маселелерин билдиришти. Ушул эле көйгөй Талас, Манас, Кара-Буура РЭТинде жана Талас ШЭТинде кездешүүдө.

 Ошондой эле, Талас электр тармактар ишканасына тиешелүү көмөк чордондорго, РЭТтерге коопсуздукту камсыздоо үчүн атайын коопсуздук камерасын орнотууга тапшырмаларды берди.

 Талас ЭТИнин базасына жаңы имарат курууну жана Талас ШЭТинин базасын көчүрүү боюнча иштер айтылып өттү.

 Кышкысын электр энергиясын үнөмдөө үчүн Талас электр тармактарынын Талас , Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата РЭТи, Талас ШЭТине күн панелин коюу боюнча маселе көтөрүлүп, ал боюнча да иш алып баруу керектиги айтылды.

 Талас ЭТИнин бардык РЭТтеринин балансында жок болгон көмөк чордондорду (трансформаторлорду) баланска алуу боюнча тапшырмалар берилди. Бул иш аракеттер авариялык өчүрүүлөрдү алдын алууга жардам берери айтылды.

Аны менен катар министр Т.Ибраев электр энергиясын сатуу бөлүмдөрүнө “Мой свет» тиркемеси боюнча маалымат алды. Анда Талас РЭТи 65% эл катмары бул тиркемеге өткөнүн айтса, Бакай-Ата РЭТи 65.60,%, Манас РЭТи 70%, Кара-Буура РЭТи 60.25 %, Талас ШЭТи 77.8% эл катмары тиркеме аркылуу маалымат алып, төлөмдөрдү төлөөдө.

 Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бала-Саруу ГЭСинин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Анда министр Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун башкы подряддык жана долбоордук уюмдарынын өкүлдөру менен жолугушуп, жумуштун кээ бир бөлүктөрү курулуш графигиненн артта калганын белгиледи. Аны менен бирге министр башкы подряддык уюм “Интегра инжинеринг групп” ЖЧКга жана “Ак-Башат” долбоордук институтуна эскертүү берип, курулушту ылдамдатуу максатында аныкталган кемчиликтерди ыкчам чечүүгө, ал эми «Чакан ГЭС» ААКга курулуштун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү буйруду. Ошондой эле, министр курулуш иштерин өз маалында бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.