Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетика министри Талас облусунун алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди

6 Август 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев эки күндүк иш сапары менен Талас облусуна барып, алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди.
Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек Султановдун берген маалыматына ылайык, учурда Талас облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 70% даяр.
2025-жылга белгиленген планга ылайык Талас облусу боюнча жалпы 22839 даана АСКУЭ акылдуу эсептегич орнотулду. Ошондой эле, 8 даана жаңы комплектүү трансформатордук пункт (КТП) ишке киргизилди.
Мындан тышкары:
- Облус аймагында 5 даана трансформатор алмаштырылып, алардын кубаттуулугу жогорулатылды;
- 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгыларын реконструкциялоо алкагында 140 даана жаңы мамыча орнотулду;
- 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоодо 134 даана темир-бетон мамыча орнотулуп, жалпы 3,7 км СИП-3 зымы тартылды;
- Ал эми жаңы 10 кВ СИП-3 аба чубалгысын куруу иштеринде учурда 40 даана темир-бетон мамыча орнотулду. Ошондой эле, 86 даана трансформатор капиталдык ремонттон, 621 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Министр айтылган маалыматтарды жеринде текшерип, аны менен бирге тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырларды берди.
1- Алгач 500/220/10 кВ «Түлөбердиев» жана 110/35/10 кВ «Чат-Базар» көмөк чордондоруна барып, учурдагы иштөө процесси тууралуу маалымат алды. Ал көмөк чордонду оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүүнү, кызматкерлер жашаган убактылуу жатакананы ирээтке келтирүүнү тапшырды.
2- Иш сапарын улай министр Бакай-Ата райондук электр тармактарынын имаратынын капиталдык ремонттон кийинки абалы менен таанышты. Аталган имарат 1989-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2024-жылы капиталдык ондоп-түзөөгө берилген. Жалпысынан имаратты жаңылоого 4 млн 436 миң сом «КУЭТ» ААКнын өздүк каражатынын эсенбинен каржыланды. Учурда имарат заманбап стилде оңдолуп, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
3- Аны менен катар Манас райондук электр тармактарынын 2025-жылга коюлган планына ылайык аткарылган иштерин текшерди. Минитср акылдуу эсептегичтерди өз убагында орнотууну жана кампада сакталган жаңы жабдууларды жыл аягына чейин толугу менен эски жабдуулардын ордуна алмаштырып бүткөрүүнү тийиштүү жетекчиге тапшырды.
4- Ал эми энергетика министри Т.Ибраев Айтматов РЭТнин эски имаратынын абалы менен таанышып, аны толугу менен бузуп, ордуна заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат куруу керектигин билдирди.
Аны менен катар эскирген кампаларды, ашкананы бузуп, энергетиктерге керектүү жаңы обтектилерди курууну, таза суу менен камсыздоону, жаңы имараттын долбоорун тездетип түзүп, кийинки жылдык планга киргизип, ишке ашыруу тапшырмасын койду. Бул чечим кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана иштин сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.
5- Талас райондук электр тармактарына болгон сапарынын алкагында министр имараттын абалы менен таанышып, аны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырды. Бул имарат 1985-жылы курулуп, 2022-жылы утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Учурда эскилиги жеткен имарат, кызматкерлердин иштөөсүнө ыңгайсыздык жаратып келет. Министр имаратты заманбап стилде жаңылап, кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү керектигин билдирди.
Мындан тышкары, ал трансформаторлорду оңдоочу цехти кеңейтүү жана райондук электр тармактардагы трансформаторлорду оңдоочу бардык иштерди бир жерде топтоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул чечим иштин сапатын жогорулатуу жана ресурстарды эффективдүү пайдалануу максатын көздөйт.
Талас облусуна болгон иш-сапардын жүрүшүндө министр Таалайбек Ибраев "Бала-Саруу" чакан ГЭСинин учурдагы иштөө абалы жана өндүрүлүп жаткан электр энергиясы менен таанышты. “Бала-Саруу” ГЭСи Талас облусунун Киров суу сактагычында жайгашкан, жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзөт. Учурда Бала-Саруу ГЭСинин 3 гидроагрегаты тең толук иштеп, бүгүнкү күнгө электр энергиясынын суткалык өндүрүшү 300миң кВт.саатты түзөт. Жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн. кВт.саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2025-жылга коюлган 80 млн. кВт.сааттын 92,5% аткарууга жетишти. Учурда Бала-Саруу ГЭСи Талас облсунун үч районуна караштуу 30 миң ден ашуун калкын электр энергиясы менен камсыз кылууда.
Иш-сапардын соңунда энергетика министри Талас электр тармактар ишканасынын жалпы жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда 2025-жылга коюлган иш-пландын аткарылышы, жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу талкуу кылды. Аны менен катар кызматкерлер тарабынан айтылган сунуштарда, пикирлерге көңүл бөлдү. Министр Талас ЭТИнин жооптуу жетекчилерине алдыдыга күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярданууну, тармакты өнүктүрүүгө багытталган ар бир долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлг алууну, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда энергетикетрдин жоопкерчилиги жогору болушу керектигин эскертти.