Колл - борбор: 105; 1209;

Энергетика министри Талас ЭТИнин күз-кышка карата даярдык ишин текшерди


20 Май 2024 ж.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусуна иш сапары менен барып, Бакай-Ата, Талас, Манас, Айтматов райондук электр тармактарынын 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин текшерди.
 
  Иш сапардын алкагында министр Бакай-Ата, Айтматов жана Манас РЭТинин кызматкерлери менен жолугуп, энергетика тармагындагы айрым чечилбеген маселелерди, энергетиктердин айлык маянасын талкуулады.
 
   Мындан тышкары РЭТтердин имараттарын текшерип, энергетикалык жаблуударды сактоочу кампаны калыбына келтирүү, имрататтын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин баса белгилеп, тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди.
 
  Ошондой эле министр өз сөзүндө РЭТтин жетекчилерине 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдык сапаттуу жана өз убагытда аткарылыш керектигин эскертти
 

444224471_444821548142826_4118556165414853096_n 443719123_444821471476167_90246601199164323_n 443715263_444821528142828_5333734231587210553_n 441174535_444821621476152_5486645828725944947_n 443712357_444821474809500_5083837380652339517_n