Манас РЭТинин кызматкерлери тарабынан 2023-жыл күз-кыш мезгилине карата аба чубалгыларын жана көмөк чордондорду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.Учурда электр куроочулар аба чубалгыларына тийип калган бактардын бутактарын кесүү иштерин жүргүзүп жатышат.
10 кВ аба чубалгысында 2023-жылга 13,5 км оңдоо пландалган, азыркы тапта толук оңдолуп бүттү.
0,4 кВ аба чубалгысында 2023-жылга 87,52 км оңдоо пландалган, азыркы тапта 44,42 км аба чубалгысында иштер аяктады.
Манас РЭТи боюнча 34 даана көмөк чордонун оңдоо 2023-жылга пландалып, анын ичинен 23 даана көмөк чордондордо оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Оңдоп-түзөө иштери керектөөчүлөрдү келе жаткан күз-кыш мезгилинде сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда.